# 12-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 12-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-12

---

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 08-р чечими

3. Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен бөлөк учурларда судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-13)
