# 1-берене. Судьялар - сот бийлигин алып жүрүүчүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 1-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-1

---

1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы); Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары - жергиликтүү соттор); мыйзам менен түзүлгөн адистешкен сотторго.

2. Судьялар деп Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.

3. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-2)
