# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3774/edition/594543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202343

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек ш, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-июнундагы №132

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо

жана өзгөртүү киргизүү тууралу

2008-жылдын 15-майында Кыргыз Республикксынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти](https://aqlex.ai/kg/doc/202343/st-1)

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,

2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү

киргизилсин:

1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен

толукталсын:

"Жогорку Кењештин имараты, ошондой эле Жогорку Кењештин

карамагында турган "Алтын-Көл" пансионаты жана Жогорку Кењештин

Автотранспорт ишканасы режимдик мүнөздөгү мамлекеттик маанилүү

объектилер болуп саналат.

Жогорку Кењештин имаратынын жана ага тиешелүү аймактын,

"Алтын-Көл" пансионатынын жана Жогорку Кењештин Автотранспорт

ишканасынын аймактарынын,ошондой эле көрсөтүлгөн объекттердин

имараттарында жана аймактарында турган адамдардын коопсуздугун

камсыз кылуу күзөт кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жогорку Кењештин имаратында жана аймактарында, "Алтын-Көл"

пансионатында жана автотранспорт ишканасынын аймактарында

жүрүү жана болуу тартиби жоболор менен жөнгө салынат.

2. 267-статьянын 3-бөлүгү алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202343/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
