# КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 129 "Дүйшөнбү шаарында 2007-жылдын 5-окябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы арекеттенүү жөнүндө көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 129 "Дүйшөнбү шаарында 2007-жылдын 5-окябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы арекеттенүү жөнүндө көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3771/edition/465482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 129 "Дүйшөнбү шаарында 2007-жылдын 5-окябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы арекеттенүү жөнүндө көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралу" Мыйзамы (23.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202340

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 23-июну № 129

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202340/st-1)

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Келишими ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202340/st-2)

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өз компетенциясынын чегинде ушул Келишимди жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202340/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202340/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
