# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1253/edition/465346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20233

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-майы № 64 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген сөздөр "Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "үчүн" деген сөз "жана натыйжалар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
