# 52-берене. Реабилитациялык борборлор

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 52-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-52

---

Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык, республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын реабилитациялык жардамга жана жергиликтүү шарттарга муктаждыгын эске алуу менен:

- реабилитациялык, анын ичинде илимий-өндүрүштүк борборлордун тармагын;

- дарылоо-профилактикалык мекемелерде калыбына келтирүүчү дарылоо бөлүмдөрүн;

- атайын билим берүү уюмдарын, адистештирилген санаториялык-курорттук мекемелерди;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү боюнча адистештирилген ишканалар менен мекемелерди уюштурушат.

Мамлекет мамлекеттик эмес реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтүү, реабилитациялоо милдеттерин чечүүгө көмөк берүү аркылуу алардын бутуна туруп кетишине жардам берет.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-53)
