52-берене. Реабилитациялык борборлор
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык, республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын реабилитациялык жардамга жана жергиликтүү шарттарга муктаждыгын эске алуу менен:
- реабилитациялык, анын ичинде илимий-өндүрүштүк борборлордун тармагын;
- дарылоо-профилактикалык мекемелерде калыбына келтирүүчү дарылоо бөлүмдөрүн;
- атайын билим берүү уюмдарын, адистештирилген санаториялык-курорттук мекемелерди;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү боюнча адистештирилген ишканалар менен мекемелерди уюштурушат.
Мамлекет мамлекеттик эмес реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтүү, реабилитациялоо милдеттерин чечүүгө көмөк берүү аркылуу алардын бутуна туруп кетишине жардам берет.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-52" title="52-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>