# 47-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды турак жай менен камсыз кылуу. Турак жайларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришине жана пайдаланышына ылайыкташтыруу

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 47-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-47

---

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр эсепке алынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай менен камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ээлеп турушкан турак жайлар атайын каражаттар жана жекече реабилитациялоо программасына ылайык шаймандар менен жабдылат. Аталган турак жайларды жабдуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, турак жай фонду карамагында турган юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап жатышкан жетим же ата-энесинин камкордугунун кароосунан ажыраган балдар 18 жашка чыккандан кийин, эгерде жекече реабилитациялоо программасы өзүн өзү тейлөөнү жана өз алдынча жашай алуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала караштырса, кезексиз турак жай менен камсыз болушат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-48)
