# 46-берене. Транспорт каражаттарын жабдуу. Атайын транспорт каражаттары

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 46-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-46

---

Транспорт каражаттарын, анын ичинде жекече каражаттарды иштеп чыгуу жана жасоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ээ болуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Калкты транспорт менен тейлөөнү ишке ашырып жаткан юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан, автотранспорт каражаттарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар алардын кызматынан тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын шаймандар менен жабдууга тийиш. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөө укугун берүүгө конкурстарды өткөргөн учурда транспорт каражаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришине ылайыкталган адамдар артыкчылыкка ээ болушат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-47)
