# 44-берене. Объекттерди долбоорлоого жана курууга коюлуучу талаптар

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329#diff=805555..805556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 44-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-44

---

Калк конуштарын долбоорлоо жана куруу, турак жайлуу жерлерди түзүү, долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды, курулмаларды, анын ичинде аэропортторду, темиржол бекеттерин, комплекстерди, коммуникацияларды куруу жана реконструкциялоо, бул объекттерге жана каражаттарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кириши жана колдонушу үчүн ыңгайлаштырууну эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш. Турак жай, коомдук өндүрүш имараттарын жана курулмаларды долбоорлогондо аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, анын ичинде кресло-коляска же башка кошумча каражаттардын жана шаймандардын жардамы менен жылып жүрүшкөндөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү эске алынышы керек. Курамында социалдык жактан коргоо органдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү болгон мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын катышуусуз аталган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-45)
