# 41-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалыматка ээ болуусун камсыз кылуу

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329#diff=805555..805556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 41-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-41

---

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалыматка ээ болушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жол менен камсыз кылат:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымкат-информациялык жана көркөм адабий, анын ичинде аудиокассетада, дисктерде, Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен жана сурдокотормо менен видеокассеталарда басып чыгаруулар;

- бирден кем эмес республикалык телекөрсөтүү каналдарында телекөрсөтүү программаларынын сурдокоторуусун уюштуруу.

- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын интернет сайттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-42)
