# 38-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 38-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-38

---

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуусу жалпы типтеги окуу жайларында, зарылчылык болгон учурда атайын окуу жайларында ишке ашырылат. Стационардык дарылоо-профилактикалык же реабилитациялоо мекемелеринде дарылоо курстарынан өтүп жатышкан денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кирүү экзамендерин башкалар менен бирдей шартта ийгиликтүү берген учурда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына өтүүдө артыкчылык укукка ээ болушат. Билим берүү органдары социалдык жактан коргоо органдары менен бирдикте жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө орундарга квота коюу боюнча нормативдерди белгилешет.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-39)
