38-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуусу жалпы типтеги окуу жайларында, зарылчылык болгон учурда атайын окуу жайларында ишке ашырылат. Стационардык дарылоо-профилактикалык же реабилитациялоо мекемелеринде дарылоо курстарынан өтүп жатышкан денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кирүү экзамендерин башкалар менен бирдей шартта ийгиликтүү берген учурда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына өтүүдө артыкчылык укукка ээ болушат. Билим берүү органдары социалдык жактан коргоо органдары менен бирдикте жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө орундарга квота коюу боюнча нормативдерди белгилешет.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 03.07.2013 · № 397 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-38" title="38-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>