# 33-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алууга жетишүүсүн жана кесиптик жактан даярдалышын камсыз кылуу

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 33-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-33

---

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалымат, билим алышы жана кесиптик жактан даярдалышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет. Билим берүү мекемелери социалдык жактан коргоо органдары жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын мектепке чейин, мектептен тышкары тарбияланышын жана билим алышын, жалпы орго, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алышын жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде тарбиялоо, окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды керек болгон кесиптик жана эмгек ыкмаларына үйрөтүү максатында жекече реабилитациялоо программасына ылайык жана мамлекеттик мекемелер тарабынан кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүн болбосо, тиешелүү профилдеги реабилитациялык борборлордон социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-30)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-34)
