# 32-берене. Факсимилдик колтамга

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 32-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-32

---

Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын факсимилдик колтамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча жарандын өздүк кол коюусу катары таанылат жана ага теңдештирилет. Факсимилдик колтамга, эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өзүнүн дене бойлук кемчиликтеринен улам зарыл документтерге өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан колдонулушу мүмкүн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан ырасталат. Нотариус ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын ырастоочу күбөлүк берет. Факсимилдик колтамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам үчүн ал он алты жаш курагына жеткенде даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат. Факсимилдик колтамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариаттык ырасталууга тийиш. Эч ким факсимилдик колтамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-31)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-4)
