32-берене. Факсимилдик колтамга
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын факсимилдик колтамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча жарандын өздүк кол коюусу катары таанылат жана ага теңдештирилет. Факсимилдик колтамга, эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өзүнүн дене бойлук кемчиликтеринен улам зарыл документтерге өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан колдонулушу мүмкүн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан ырасталат. Нотариус ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын ырастоочу күбөлүк берет. Факсимилдик колтамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам үчүн ал он алты жаш курагына жеткенде даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат. Факсимилдик колтамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариаттык ырасталууга тийиш. Эч ким факсимилдик колтамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-32" title="32-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>