# 31-берене. Сурдокотормочулардын статусу

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 31-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-31

---

Сурдокотормочу - жаңсоо тили менен оозеки кепке же тескерисинче которуу менен алектенүүчү адис. Угуу жана сүйлөө боюнча майыптыгы бар адамдарга сурдокотормочунун кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүлөрдө акысыз берилет:

- билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;

- тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, администрациялык жана жазыктык иштер боюнча сот процесстерине катышууда;

- документтерди же бүтүмдөрдү нотариаттык тариздөөдө;

- машина айдоо көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;

- мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;

- мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Сурдокоторуу кызматтарын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мамлекет сурдокотормочуларды, сурдопедагогдорду, дефектологдорду жана логопеддерди ар жыл сайын даярдоого милдеттүү. Телерадио берүү уюмдары мыйзамдарга ылайык жаңылыктарды берүүнү сурдокотормо же субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-3)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-32)
