# 28-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329#diff=805556..25328>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 28-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-28

---

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экономикалык ишке тартуу жана алардын эмгекке болгон укугун камсыз кылуу максатында мамлекет иш берүүчүлөрдү белгиленген квотаны эске алуу менен аларды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын караштырууга милдеттендирет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу үчүн квота:

– эгерде иш берүүчүдө 25тен 49га чейин кызматкер иштесе, майыптык тобуна карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 1 жумуш орун;

– эгерде иш берүүчүдө 50дөн 74кө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 2 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

– эгерде иш берүүчүдө 75тен 99га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 3 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

– эгерде иш берүүчүдө 100дөн 124гө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 4 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 2 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

– эгерде иш берүүчүдө 125тен 149га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 5 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

– эгерде иш берүүчүдө 150дөн 174кө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 6 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

– эгерде иш берүүчүдө 175тен 199га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 7 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 4 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;

Эгерде иш берүүчүдө 200 жана андан ашык кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер жана I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш орундарын квоталоо эрежелери ушул беренеде көрсөтүлгөн окшоштук боюнча колдонулат. Уюмда, ишканада же мекемеде иштегендердин санын аныктоодо эмгек келишими, жарандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган, сезондук иштерди аткарган кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчү жана административдик персонал эске алынат. Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызматкер үчүн жумуш ордун ыңгайлаштырууга (жайгаштырууга) милдеттүү. Жумуш ордун ыңгайлаштыруу иш берүүчүнүн эсебинен же мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн жумуш ордун ыңгайлаштыруу төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:

– аларды тиешелүү көндүмдөргө окутуу;

– алар иштеген имаратка кирүү, чыгуу шарттарын түзүү;

– алардын ишин аткарууга көмөк көрсөтүүчү техникалык каражаттарды, компьютердик программаларды же жабдууларды сатып алуу;

– мындай кызматкердин өз эмгек функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында көрүлүүчү башка чаралар.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-29)
