# 26-берене. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 26-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-26

---

Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу максатында мамлекет жугушсуз ооруларга каршы күрөшүүнүн Европалык стратегиясын ишке ашыруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун ишаракеттеринин бекитилген планына ылайык адамдардын жашоо-шартынын сапатын жакшыртуу, дарттын кабылдап кетишинин факторлорун азайтуу боюнча сектор аралык чаралар менен камсыз кылып, бакыбат жашоонун күтүлүп жаткан көрсөткүчүн, майыптыктын себептеринин биринен болуп саналган эрте жасалуучу диагностиканы көбөйтүү, дене, акыл-эс, психика жагындагы жана башка жетишпегендиктердин пайда болушунун жана алардын организмдин функцияларын дайыма чектеп турушуна өтүп кетишинин алдын алуу боюнча чара көрүүгө тийиш. Мамлекет ден соолукту коргоо, жашоо чөйрөсүн экологиялык жактан жакшыртуу, куунак жашоону калыптандыруу, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштөгү жабыркоого жол бербөө, кесиптик дартка чалдыгууну азайтуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу мамлекеттик органдар тарабынан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-27)
