24-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жардам
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүндө жана саламаттык сактоонун медициналык стационардык дарылоо-профилактикалык уюмдарында медициналык-санитардык жардам берүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагынан мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык жүргүзүлөт. Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жашаган жердеги тиешелүү медициналык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт. Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү, стационардык мекемеде жатып дарыланууну талап кылбаган жана дарылаган дарыгердин тиешелүү корутундусунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата көрсөтүлөт. Дарылоо-профилактикалык медициналык стационардык уюмдарда медициналык жардам менен катар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ар бир стационардык мекеменин объективдүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша убактылуу келип туруусу үчүн зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-24" title="24-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>