# 2-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2017 [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329#diff=805555..805556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 2-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-2

---

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата адамдын жана жарандын укуктарын сактоо;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугу үчүн кемсинтип бөлүүгө жол бербөө;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоого алынышына кепил болуу;

- социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, майыптык категорияларын жана топторун алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык абалынын төмөндөп кетишине жол бербөө;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жеке муктаждыктарына карата социалдык жактан корголушуна багыт берүү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын колдонуудагы программасына ылайык камсыз кылуу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билимге, маалымат алууга, ишкердүүлүктүн, анын ичинде эмгек түрүн эркин тандоосуна жетишин жана бирдей укуктуулугун камсыз кылуу;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын бузган жарандардын жоопкерчилиги;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын (реабилитациялоо борборлорунун) кызматташуу жана колдоо көрсөтүү

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын факсимилдик колтамгасын жарандардын өз кол коюусу менен тең катарда таануунун кепилденгендиги.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-11)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-3)
