# 13-берене. Техникалык жана атайын каражаттарды берүү

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 13-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-13

---

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасына ылайык протез ортопедиялык жардам менен, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз болушат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, таяныч кыймылдоо аппараты жабыркаган адамдарга кыймылдап-жылып туруу үчүн керектүү техникалык каражат берилет. Эгерде жекече реабилитация программасында каралган техникалык каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өз каражатына сатып алган болсо, анда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык каражаттын наркынын өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү техникалык каражаттардын тизмесин жана алардын наркынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Жумуш берүүчүнүн (уюмдун, ишкананын менчигинин түрүнө карабастан) күнөөсү боюнча эмгек жаратын алган же кесиптик дартка чалдыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык техникалык жана атайын каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын тарбияланышын жана окуусун ишке ашыруучу билим берүү уюмдары атайын ариптер менен даярдалган басылмалар, үндү күчөтүп угузуучу аппаратура жана сигнализаторлор менен мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-14)
