13-берене. Техникалык жана атайын каражаттарды берүү
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасына ылайык протез ортопедиялык жардам менен, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз болушат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, таяныч кыймылдоо аппараты жабыркаган адамдарга кыймылдап-жылып туруу үчүн керектүү техникалык каражат берилет. Эгерде жекече реабилитация программасында каралган техникалык каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өз каражатына сатып алган болсо, анда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык каражаттын наркынын өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү техникалык каражаттардын тизмесин жана алардын наркынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Жумуш берүүчүнүн (уюмдун, ишкананын менчигинин түрүнө карабастан) күнөөсү боюнча эмгек жаратын алган же кесиптик дартка чалдыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык техникалык жана атайын каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын тарбияланышын жана окуусун ишке ашыруучу билим берүү уюмдары атайын ариптер менен даярдалган басылмалар, үндү күчөтүп угузуучу аппаратура жана сигнализаторлор менен мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-13" title="13-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>