# 11-берене. Ушул Мыйзамдын предмети

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 11-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-11

---

Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана нормаларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт. Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү коргоо жана жардам көрсөтүү кепилдиктерин, ошондой эле калктын ден соолугун коргоого, майыптуулуктун алдын алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-2)
