# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202329)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030633)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329#diff=805555..805556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3760/edition/805553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202329/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, 1-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-1

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат: майыптык белгиси боюнча басмырлоо - адамдын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же кайсы болбосун башка жааттагы бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин башкалар менен тең катарда таануусун, ишке ашыруусун же жүзөгө ашыруусун кемитүү же тануу максаты же натыйжасы болгон, майыптыгынын себеби боюнча кайсы болбосун айырмачылык, четке кагуу же чектөө; инфраструктурага жетүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бардык категориялардагы адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жана коопсуз орун которуу, имараттарга жана курулмаларга жете алуу жана коомдук транспортту, жөө жүрмө тротуарларды, автомобиль жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды (банкоматтарды, төлөө терминалдарын д.у.с.) пайдалануу мүмкүнчүлүгү; майыптык - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, мыйзамда белгиленген тартипте белгиленүүчү, адамда туруктуу дене бойлук, психикалык же акыл-эстик бузулуулардын бар экендигин билдирүүчү социалдык-юридикалык статус. Бузулуунун деңгээлине жараша майыптыктын I, II жана III топтору белгиленет. 18 жашка чейинки балдар "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала" категориясына киргизилет; реабилитациянын жекече программасы - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын турмуш-тиричиликтик, социалдык жана кесиптик ишке карата жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө багытталган реабилитациялык чаралардын айрым түрлөрүн, формаларын, көлөмдөрүн, ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана тартибин, социалдык жардамдын түрлөрүн, техникалык каражаттардын тизмегин камтуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ар бир адам үчүн анын жеке керектөөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык жекече иштелип чыгуучу оптималдуу реабилитациялык иш-чаралар комплекси; инфраструктура - Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлык, администрациялык жана башка имараттардын, курулмалардын, жөө жүрмө тротуарлардын, автомобиль жолдорунун, коомдук транспорттун, коммуникациялык жана башка техникалык каражаттардын жыйындысы; квоталоо - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык колдоо максаттарында алардын коомдук иштин өзүнчө чөйрөлөрүндө милдеттүү катышуусунун нормаларын белгилөө; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам; медициналык-социалдык экспертиза - кесиптик ишке жөндөмдүүлүктү кошуп алганда жарандардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын, майыптыгынын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо жана реабилитациялоо чараларын белгилөө (аныктоо) процесси (жол-жобосу); инфраструктурага жетүүнү камсыз кылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын алардын менчигинде турган инфраструктура объекттерин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бул объекттерге эркин жетүүсүн камсыз кылуучу атайын ыңгайлаштырмалар менен жабдуу боюнча милдеттери; жашоо-тиричиликтин чектелиши - адамдын өзүн-өзү тейлөөнү, өз алдынча орун которууну, багыт алууну, карым-катнашууну, өз жүрүм-турумун контролдоону, окутулууну жана эмгектик иш менен алектенүүнү жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу; реабилитациялык борбор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана жумуштуулуктун атайын формаларын уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жак; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү дене бойлук жана психикалык жактан чектелүү адамдардын өз алдынча жашоо-тиричилигин, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча медициналык, психологиялык, педагогикалык, билим берүүчүлүк, кесиптик, социалдык, юридикалык иш-чаралардын комплекси; социалдык кызматкер - өзү аткара турган иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу, же болбосо уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда аны турмуштук кыйын кырдаалда турган адамдарга карата уюштуруучу адис; атайын адабият - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кабыл алуусуна жана пайдалануусуна ылайыкталган кагаз, электрондук же башка камтымалардагы көркөм, илимий, мезгилдүү жана башка басылмалар; адистешкен стационардык мекемелер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын убактылуу болуусу жана реабилитациялоонун жекече программасына ылайык аларга зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик же болбосо жеке менчик мекемелер (жатак үйлөр); атайын транспорт - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирип-чыга алуусу жана пайдалануусу үчүн атайын ыңгайлаштырмалары бар транспорт каражаттарынын кайсы болбосун түрлөрү; жумуштуулуктун атайын формасы - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн эмгектик көндүмдөргө окутууну уюштуруу жана жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чаралардын комплекси; факсимилдик кол коюу (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам (көрүүнүн бузулушу, колу-буту жоктугу, кыймыл координациясынын бузулушу, шал болуу) өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өз кол коюусун алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише). (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202329/st-11)
