# КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 115 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 115 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3756/edition/465311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 115 " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202325

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 11-июну № 115

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык

жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизүү тууралуу

2008-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202325/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., №

2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 27-статьянын 7-пунктунда "токтотуу жана" деген сөздөр "токтото

туруу жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 35-статьяда:

аталышында "токтото туруу жана" деген сөздөр "токтотуу туруу

жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"четтетүүгө жана" деген сөздөр "четтетүүгө жана/же" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

3. 410-статьянын экинчи абзацындагы "бештен жыйырма өлчөмүнө чей-

ин" деген сөздөр "бештен элүүгө чейинки өлчөмүнө дейре" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

4. 419-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"419-статья. Өнөржай коопсуздугу жаатында опурталдуу өндүрүш

объектилеринде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген

ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик техникалык

документтердин талаптарын бузуу

Өнөржай коопсуздугу жаатында опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш

жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ченемдик укуктук актылардын жана че-

немдик техникалык документтердин талаптарын бузуу, -

кызматкерлерге карата эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки

өлчөмүнө дейре, кызмат адамдарына карата - жыйырмадан элүүгө чейинки

өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттер администра-

циялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып

жасалса, -

кызматкерлерге карата эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чей-

инки өлчөмүнө дейре, кызмат адамдарына карата - элүүдөн жүзгө чейинки

өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга же болбосо кызматтагы

адамдарды ишинен четтетүүгө алып келет.

5. 29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 419-1-статья менен толукталсын:

"419-1-статья. Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз

(уруксатсыз) же лицензиянын (уруксаттын) колдонуу

шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракеттерди

жүргүзүү

Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз (уруксатсыз) иш-ара-

кет жүргүзүү,-

опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото ту-

рууга алып келет.

Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиянын (уруксаттын) колдо-

нуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракет жүргүзүү,-

кызмат адамдарына карата эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан тартып

элүү чейинки өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракетти администра-

циялык жаза чаралары колдонулгандан кийинки бир жыл ичинде кайталап жа-

соо, -

опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото ту-

рууга алып келет.".

6. 454-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-

сын:

"Долбоордук документтерсиз же долбоордук документтери бар, бирок

экспертизанын оњ жактуу чечилген корутундусу жок опурталдуу өндүрүш

объектилерин куруу жана иштетүү,-

юридикалык жактарга карата эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн тартып

эки жүзгө чейинки өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга алып ке-

лет.".

7. 525-статьянын биринчи абзацындагы "452-475, 477-480,

482-486-статьяларда каралган" деген сөздөр "452, 453-статьяларда,

454-статьянын биринчи бөлүгүндө, 455- 475, 477-480, 482-486-статьяларда

каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. 541-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"541-статья. Өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча

мамлекеттик орган

Өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча Кыргыз Республи-

касынын мамлекеттик органы ушул Кодекстин 69, 79-статьяларында,

100-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 383, 410, 419, 419-1-статьяларында,

454-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган администрациялык укук бузуу-

лар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана адми-

нистрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

өнөржай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын

орун басары;

тармактык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары;

мамлекеттик инспекторлор.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202325/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

ынган
