# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202323)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3754/edition/1254990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202323/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу туту- мунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 18-статьянын 1-бөлүгү:

"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр менен толукталсын; "коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "коопсуздук мамлекеттик коми- тетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "кызматынын органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин, Бањгизаттарга контролдук боюнча Кыргыз Республикасынын агенттигинин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 22-статьяда:

1-бөлүгүндөгү ", ошондой эле жазаларды аткаруунун борбордук орга- нынын борбордук аппаратынын кызмат милдети боюнча көрсөтүлгөн оорулар менен байланышкан медициналык кызматкерлеринин" деген сөздөр алып са- лынсын; 3-бөлүгүндөгү "күндүзгү бөлүмүндөгү окуган мезгилинин" деген сөз- дөрдөн кийин "(беш жылга чейинки чектерде)" деген сөздөр менен толук- талсын; ", ички иштер" деген сөздөр алып салынсын.

3. 33-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасындагы "чет тилди билгендиги

үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", илимий даражасы үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 34-статьяда:

аталышындагы жана 3-пункттун биринчи абзацындагы "кызматтык маяна- га" жана "кызматтык маянасына" деген сөздөр алып салынсын; 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жыл- дары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган пайыз- дык кошумча ай сайын төлөнөт."; 3-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-2)
