# КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3754/edition/1254990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202323

---

КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2008-жылдын 11-июну № 113

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү

тууралуу 2008-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу туту- мунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 18-статьянын 1-бөлүгү:

"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр менен толукталсын; "коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "коопсуздук мамлекеттик коми- тетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "кызматынын органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин, Бањгизаттарга контролдук боюнча Кыргыз Республикасынын агенттигинин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 22-статьяда:

1-бөлүгүндөгү ", ошондой эле жазаларды аткаруунун борбордук орга- нынын борбордук аппаратынын кызмат милдети боюнча көрсөтүлгөн оорулар менен байланышкан медициналык кызматкерлеринин" деген сөздөр алып са- лынсын; 3-бөлүгүндөгү "күндүзгү бөлүмүндөгү окуган мезгилинин" деген сөз- дөрдөн кийин "(беш жылга чейинки чектерде)" деген сөздөр менен толук- талсын; ", ички иштер" деген сөздөр алып салынсын.

3. 33-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасындагы "чет тилди билгендиги

үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", илимий даражасы үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 34-статьяда:

аталышындагы жана 3-пункттун биринчи абзацындагы "кызматтык маяна- га" жана "кызматтык маянасына" деген сөздөр алып салынсын; 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жыл- дары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган пайыз- дык кошумча ай сайын төлөнөт."; 3-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202323/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
