# "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" КР Мыйзамы, 2 июнь 2008ж. № 109

- Толук аталышы: "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" КР Мыйзамы, 2 июнь 2008ж. № 109
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3750/edition/347713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" КР Мыйзамы, 2 июнь 2008ж. № 109 (20.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202319

---

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2008-жылдын 2-июну № 109

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр

киргизүү тууралу

2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202319/st-1)

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-

ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

1. 5-статьянын 1-бөлүгүндө:

экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан" де-

ген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик бийликтеги саясий партиялар, борбордук

органдар," деген сөздөр менен толукталсын;

сегизинчи абзац алып салынсын.

2. 6-статьяда:

1-бөлүктөгү "жана каттала турган юридикалык жактын жайгашкан жерин

ырастоочу документтери" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүк алып салынсын.

3. 14-статьянын 4-бөлүгү алып салынсын.

4. 15-статьяда:

1-бөлүктө:

1-пункттун үчүнчү абзацындагы "фирмалык" деген сөз алып салынсын;

2-пункттун экинчи абзацындагы "статусу (коомдук бирикмелер

үчүн),"деген сөз алып салынсын;

2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жактын статкарточкасы,

"деген сөздөр алып салынсын.

5. 17-статьяда:

3-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статикалык карточкалар деген

сөздөр алып салынсын;

7-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкалар"

деген сөздөр алып салынсын.

6. 18-статьяда:

2-бөлүктүн үчүнчү абзацы алып салынсын;

4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жана статистикалык картанын" деген

сөздөр алып салынсын.

5-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкасынын"

деген сөздөр алып салынсын.

7. 21-статьянын 2-пунктундагы "Ушул мыйзамдын 18-статьясынын та-

лаптарын аткарган шартта" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202319/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

Ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202319/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-

нө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
