Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» КР Мыйзамы, 2 июнь 2008ж. № 109
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 февраля 2009 года № 57 "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-02-20.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2008-жылдын 2-июну № 109
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр
киргизүү тууралу
2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-
ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
1. 5-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан" де-
ген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик бийликтеги саясий партиялар, борбордук
органдар," деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзац алып салынсын.
2. 6-статьяда:
1-бөлүктөгү "жана каттала турган юридикалык жактын жайгашкан жерин
ырастоочу документтери" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүк алып салынсын.
3. 14-статьянын 4-бөлүгү алып салынсын.
4. 15-статьяда:
1-бөлүктө:
1-пункттун үчүнчү абзацындагы "фирмалык" деген сөз алып салынсын;
2-пункттун экинчи абзацындагы "статусу (коомдук бирикмелер
үчүн),"деген сөз алып салынсын;
2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жактын статкарточкасы,
"деген сөздөр алып салынсын.
5. 17-статьяда:
3-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статикалык карточкалар деген
сөздөр алып салынсын;
7-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкалар"
деген сөздөр алып салынсын.
6. 18-статьяда:
2-бөлүктүн үчүнчү абзацы алып салынсын;
4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жана статистикалык картанын" деген
сөздөр алып салынсын.
5-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкасынын"
деген сөздөр алып салынсын.
7. 21-статьянын 2-пунктундагы "Ушул мыйзамдын 18-статьясынын та-
лаптарын аткарган шартта" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
Ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-
нө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- О государственной регистрации юридических лицЗакон · 12.07.1996 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26-ноября 2008 года №648 "Об итогах социально-экономического развития Кыргызской Республики за 9 месяцев 2008 года"Постановление · 26.11.2008 · № 648 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МИНЮСТА КР от 25 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в приказ Министерства юстиции Кыргызской Республики от 3 декабря 2003 года № 180 "Об утверждении…Приказ · 25.06.2008 · № 114 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- О государственной регистрации юридических лицЗакон · 12.07.1996 · № 39 · Күчүн жоготкон