# 8-берене. Телерадио уюмдарынын маалыматтык иши

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250965..35844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 8-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-8

---

1. Телерадио уюмдары телерадиоканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде трансляциялоону жүзөгө ашырат. Мында мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү 60 пайыздан кем болбоого тийиш.

2. Телерадио уюмдар трансляциялоочу телерадио программалар, телерадио берүүлөргө карата ар бир телерадиоканалдын саат 7.00дөн - 00.00гө чейинки мезгилдеги берүүсүнүн ар күндөгү торчосунун жалпы көлөмүндө төмөнкүдөй шарттар жана пропорциялар сакталууга тийиш:

1) телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү телерадио программалардан жана телерадио берүүлөрдөн турууга тийиш - анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде.

2) берүүнүн кеминде 50 пайызы мамлекеттик тилде, анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш.

3. Эгерде фильмдин жана/же башка телерадио программанын жана/же телерадиоберүүнүн түп нускасынын (же кайталоонун) тили мамлекеттик тил болуп саналбаса, мындай фильмдер жана/же телерадио программалар жана телерадио берүүлөр мамлекеттик же расмий тилде аларды дубляждоо шарты менен трансляцияланат.

4. Эгерде уктуруу мультүндөрдүн опциясын пайдалануу менен жүргүзүлсө, анда берүүнүн тилдеринин бири мамлекеттик тил болууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-7)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-81)
