# 6-берене. Телерадио уюмдарынын иш-аракет эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбестик

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2026 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046239)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2026 [Закон КР от 22 мая 2026 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046239); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=35844..53210>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 6-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-6

---

1. Телерадио уюмдары өздөрүнүн маалыматтар топтомдорунда бийлик органдарына тиешеси бар бардык саясый күчтөрдүн ар кандай ыкмалар менен расмий жарыя кылынган позициялары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

2. Телерадио уюмдарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга жол берилбейт:

- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясында белгиленген маалыматтарды таратуу;

- телерадио уюмдарынын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) жекече максаттары;

- (Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (Бешинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мыйзамда белгиленген укуктук жоопкерчилик келип чыгуучу башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.

3. Программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну үчүн телерадио уюмунун жетекчиси же программанын жана/же берүүнүн автору (авторлору) жоопкерчилик тартат. Ар бир программа же берүү автор же авторлор жөнүндө, программаны чыгаруучунун аталышы жана дареги жөнүндө маалыматты камтуусу керек.

4. Телерадио уюму тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбоо же сактабай коюу алардын лицензияларынын токтотулуп турушуна же кайра алынышына (жокко чыгарылышына) алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-7)
