# 48-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112139); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250964..1250965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 48-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-48

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту 2023-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

"Эркин Тоо" газетасында 2008-жылдын 6-июнунда № 40-41 жарыяланды

2. Ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин телерадио берүүгө берилген бардык лицензиялар ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып жана Министрлер Кабинети бекитүүчү телерадио каналды жайгаштырууга уруксат берүү тартиби каралган мыйзамга караштуу акт кабыл алынгандан кийинки үч айдын ичинде колдонулушун улантат.

4. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык телерадио уюмдары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде өздөрүнүн уставдарын бекитүүгө жана кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

6. "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2007-жыл, 6-апрель, N 25) күчүн жоготту деп табылсын.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2020-жылдын 17-августундагы № 134, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-47)
