# 45-берене. Чындыкка жатпаган маалыматты тараткандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 45-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-45

---

1. Чындыкка жатпаган маалыматты тараткандыгы үчүн телерадио уюму жана анын кызматкерлери төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартышпайт:

1) эгерде бул маалымат расмий билдирүүлөрдө камтылса же мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жазуу жүзүндө алынса;

2) эгерде бул маалымат мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тарабынан жарыяланган (жазуу жүзүндө же оозеки) билдирүүлөрдөн жана чыгып сүйлөөлөрдөн сөзмө-сөз келтирүү болуп саналса;

3) эгерде бул маалымат алдын ала жазып алуусуз таратылса жана телерадио уюмунун кызматкери болуп эсептелбеген адамдардын сүйлөгөн сөздөрүндө камтылса;

4) эгерде ал башка массалык маалымат каражатынын же маалымат агенттигинин материалдарынын ага шилтеме берүү менен кайра берилиши болуп эсептелсе;

5) эгерде жоопкерчиликтен бошотуу башка мыйзамда каралса.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-44)  
Кийинки берене: [451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-451)
