# 43-берене. Жооп берүүгө укук

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 43-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-43

---

1. Телерадио уюмунун программасында же берүүсүндө өзүнө карата чындыкка жатпаган же өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укугун бузган маалыматтар таратылган жаран же юридикалык жак, төгүндөө талабы менен арыз берилгендигине же берилбегендигине көз карандысыз түрдө, ошол телерадио уюмунун программаларында жана берүүлөрүндө жооп берүүгө (чечмелөөгө же иштин жагдайын өзүнчө түшүндүрүүгө) укугу бар.

2. Жооп берүүгө (чечмелөөгө же иштин жагдайын өзүнчө түшүндүрүүгө) арыз берүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын 42-беренесинде аныкталат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-44)
