# 40-берене. Коомдук моралды коргоо жана жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн укуктарын камсыз кылуу

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 40-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-40

---

1. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүдө, даярдоодо, берүүлөрдүн торчосун түзүүдө телерадио уюмдар Кыргыз Республикасынын коомдук адеп-ахлакты коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

2. Телерадио уюмдарына обо убактысында саат 7.00дөн 23.00гө чейин жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене-бой, интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүүсүнө залакасын келтирүүчү жаңылыктан тышкаркы мүнөздөгү программаларды жана берүүлөрдү трансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат. Андай болбогон учурда мындай программалар жана берүүлөр жашы жете электер үчүн техникалык жактан чектелип көрсөтүлүшү керек.

Мындай программалар же берүүлөр атайын эскертүүлөрү болууга жана телерадио уюмдарынын программаларынын ырааттамасында белгиленип, түздөн-түз аларды трансляциялоонун алдында жана мезгил-мезгили менен атайын белгиленип турууга тийиш.

3. Телерадио берүү уюмдары өздөрүнүн программаларында жана берүүлөрүндө жашы жете электин керт башына тиешеси бар кандайдыр бир маалыматты алардын ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү укук сактоо органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарыя кылууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-41)
