# 39-берене. Телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугуучулардын укуктарын коргоо

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 39-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-39

---

1. Телекөрүүчүлөр жана радиоугуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алууга мүмкүн болгон телерадио уюмдардын программаларын кабылдоого;

2) берүүлөрдүн ырастамасы жөнүндө маалымат алууга;

3) тийиштүү программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну жана техникалык сапаты боюнча сын-пикирлери жана сунуштары менен телерадио уюмдарына, алардын түзүүчүлөрүнө кайрылууга жана өз кайрылуусуна жазуу жүзүндө же берүү убагында тикелей жооп алууга;

4) телерадио уюмдарында алар жөнүндө таратылган маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөөгө.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-40)
