# 38-берене. Телерадио уюмдарынын чыгармачыл кызматкерлеринин милдеттери

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 38-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-38

---

1. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) телерадио уюмунун программалык концепциясын сактоого, анын уставын жетекчиликке алууга;

2) өзү алган маалыматтын аныктыгын текшерүүгө;

3) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтарды таратууга жол бербөөгө;

4) жарандардын ар-намысын жана беделин түшүргөн, мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган маалыматтарды телерадио программаларда таратуу учурларына жол бербөөгө;

5) ушул Мыйзамдан жана телерадио уюмунун уставынан жана телерадио уюмунун алар менен түзгөн эмгек келишиминен келип чыккан башка талаптарды аткарууга.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер телерадио уюмунун штаттан тышкаркы чыгармачыл кызматкерлерине да таркалат.

3. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери шайлануучу кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндө, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну пайдаланууда ал башка талапкерлер менен бирдей укукка ээ.

4. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери шайлануучу кызмат ордуна талапкердин ишенимдүү адамы болсо, анын кызыкчылыктарында өзүнүн кызмат абалын пайдаланууга укуксуз.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-39)
