# 37-берене. Телерадио уюмдарынын милдеттери

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 37-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-37

---

1. Телерадио уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;

2) объективдүү маалыматтарды таратууга;

3) башка телерадио уюмдарынын программаларын берүүдө жана кабыл алууда, телекоммуникация каражаттарынын иштөөсүндө тоскоолдуктарды түзбөөгө;

4) телерадио берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарын жана техникалык параметрлерин сактоого;

5) мыйзамдарда белгиленген жарнак иш-аракетинин жана демөөрчүлүктүн эрежелерин аткарууга;

6) бардык элдердин улуттук кадыр-баркына, улуттук өзгөчөлүгүнө жана маданиятына карата урматтоо менен мамиле кылууга;

7) өз ысмын жарыялабоо шартында маалыматты же башка материалды берген адам жөнүндө маалыматты документтик ырастоонун негизинде купуя сыр катары сактоого;

8) соттолуучу адамдын күнөөсүздүк презумпциясын бузган материалдарды таратпоого;

9) эгерде коомдук зарылдык болуп саналбаса, жарандын жеке турмушу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жарыялабоого. Эгерде сот жарандын жеке турмушу жөнүндө маалыматты таратуу коомдук зарылдыкты туудурбай тургандыгын тааныса, моралдык залал жана материалдык зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамындарында белгиленген тартипте төлөнүп берилет.

10) таратылган маалымат анык эмес деп таанылганда төгүндөө берүүгө д.у.с.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-38)
