# 36-берене. Телерадио уюмдарынын жамааттарынын укуктары

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 36-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-36

---

1. Телерадио уюмдарынын жамааты чыгармачыл кызматкерлерден жана башка телерадио кызматкерлеринен турат.

2. Телерадио уюмунун жамааты өзүнүн кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, телерадио уюмунун чыгармачыл ишинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу тууралу талаптарды коюуга укуктуу.

3. Телерадио уюмунун жамаатынын чогулушу телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын шайлайт.

Жамааттын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) телерадио уюмунун жамаатынын чогулушуна катышууга, анда каралуучу маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

2) телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамына талапкерлерди сунуш кылууга;

3) кызматкерлердин укуктарын, телерадио уюмунун чыгармачыл иш-аракетинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу талаптарын бузуу маселелери боюнча, телерадио уюмунун уставын бузуулар тууралу байкоочулар кеңешине кайрылууга.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-37)
