36-берене. Телерадио уюмдарынын жамааттарынын укуктары
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 мая 2017 года № 75
1. Телерадио уюмдарынын жамааты чыгармачыл кызматкерлерден жана башка телерадио кызматкерлеринен турат.
2. Телерадио уюмунун жамааты өзүнүн кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, телерадио уюмунун чыгармачыл ишинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу тууралу талаптарды коюуга укуктуу.
3. Телерадио уюмунун жамаатынын чогулушу телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын шайлайт.
Жамааттын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) телерадио уюмунун жамаатынын чогулушуна катышууга, анда каралуучу маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамына талапкерлерди сунуш кылууга;
3) кызматкерлердин укуктарын, телерадио уюмунун чыгармачыл иш-аракетинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу талаптарын бузуу маселелери боюнча, телерадио уюмунун уставын бузуулар тууралу байкоочулар кеңешине кайрылууга.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
04.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кошулду: Телерадио уюмдарынын жамааттарынын укуктары
1. Телерадио уюмдарынын жамааты … телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамына талапкерлерди сунуш алынып салынды: кылууга, анын курамына шайланууга;
кошулду: кылууга;
3) кызматкерлердин укуктарын, телерадио уюмунун чыгармачыл … уюмунун уставын бузуулар тууралу байкоочулар кеңешине кайрылууга.
кошулду: (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-36" title="36-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>