# 33-берене. Демөөрчүлөрдүн телерадио берүүлөрдү жана телерадио программаларды түзүүгө катышуусу

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 33-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-33

---

1. Телерадио берүүлөрдү, телерадио программаларды материалдык формада түзүүгө башка жактар, анын ичинде демөөрчүлүк, гранттар жана мыйзам тарабынан уруксат берилген башка колдоо ыкмалары түрүндө катыша алат.

2. Демөөрчүлүк жарнактын бир түрү болуп саналат.

3. Гранттар акысыз негизде берилет жана телерадио берүүнүн жана телепрограмманын башталышында же аягында грант берүүчүгө карата 5 секунддан ашпаган тексттик көрсөтүүдөн тышкары, грант алуучунун жарнак түрүндөгү милдеттенмесине алып келбейт.

4. Телерадио уюмдары же студия-өндүрүүчүлөр болуп саналбаган юридикалык жана жеке жактар программаларды жана/же берүүлөрдү өндүрүүнү тикелей же бирөө аркылуу финансылоого катыша алат.

5. Демөөрчү финансылоочу телерадио берүүлөрдө жана телерадио программаларды демөөрчү жөнүндө маалыматтар (аталышы же ысымы, соодалык же фирмалык маркасы, эмблема) берүүлөрдүн башталышында жана аягында титрлер, диктордук текст же башка ык менен так жана айкын белгиленүүгө тийиш.

6. Демөөрчүлөр телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн убактысына жана мазмунуна таасир көрсөтүүгө, ошондой эле телерадио уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин кесиптик иш-аракетине кийлигишүүгө укуксуз.

7. Демөөрчүлөр программалардын жана берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн мазмуну үчүн телерадио берүүчүнү жоопкерчиликтен бошотпойт.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадио берүүдө жарнакты берүүгө тыюу салынган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү же сатып өткөрүү иши иш-аракетинин негизин түзгөн юридикалык жана жеке жактар демөөрчү боло алышпайт.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-34)
