# 32-берене. Жарнак

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250964..1250965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 32-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-32

---

1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, телерадио уюмдары "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өзүнүн телерадио каналдарында жарнактарды жайгаштырууга укуктуу.

2. Төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалардарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жана телерадио берүү операторлоруна жарнак жайгаштырууга тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк теле каналдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаганда. Мында Министрлер Кабинети бекиткен социалдык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында теле каналдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн Министрлер Кабинети аныктаган көлөмдөрдө жарнактарды жайгаштырууга жол берилет;

2) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен ушул телеканалдын ар күндүк эфиринде чет өлкөлүк телеканалдарды телерадио уюмдары жарым-жартылай ретрансляциялаганда.

3. Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактабаган телерадиоканалдарда жарнакка тыюу салынат.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-33)
