32-берене. Жарнак
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94
1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, телерадио уюмдары "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өзүнүн телерадио каналдарында жарнактарды жайгаштырууга укуктуу.
2. Төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалардарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жана телерадио берүү операторлоруна жарнак жайгаштырууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк теле каналдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаганда. Мында Министрлер Кабинети бекиткен социалдык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында теле каналдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн Министрлер Кабинети аныктаган көлөмдөрдө жарнактарды жайгаштырууга жол берилет;
2) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен ушул телеканалдын ар күндүк эфиринде чет өлкөлүк телеканалдарды телерадио уюмдары жарым-жартылай ретрансляциялаганда.
3. Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактабаган телерадиоканалдарда жарнакка тыюу салынат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…теле каналдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаганда. Мында алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети бекиткен социалдык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында теле каналдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган көлөмдөрдө жарнактарды жайгаштырууга жол берилет;
алынып салынды: Көңүл буруңуздар! Ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 32-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.
2) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен ушул … жарнакка тыюу салынат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № алынып салынды: 75 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 428-б (Жарнамага каражаттардын көлөмү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.12.2018 · № 428-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 28-б «Телекерсотүү жана радиоуктурүү жөнүндө» буйругуРаспоряжение · 17.02.2021 · № 28-р
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-32" title="32-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>