# 29-берене. Расмий билдирүүлөрдү жана башка милдеттүү маалыматтарды таркатуу

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250964..1250965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 29-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-29

---

1. Мамлекеттик жана коомдук телерадио уюмдары Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий билдирүүлөрүн акысыз таратууга милдеттүү.

2. Телерадио уюмдары менчик формасынын түрүнө карабастан, өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билдирүүлөрдү акысыз таратууга милдеттүү. Бул максаттарда телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну акысыз пайдаланууга өзгөчө кырдаалдардын шарттарында чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу бийлик органдары жана кызмат адамдары укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин сессияларын трансляциялоо Жогорку Кеңештин сессиясынын чечими боюнча, мамлекеттик буйрутмага ылайык жүргүзүлөт.

4. Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын талабы боюнча мамлекеттик телерадио уюмдары мамлекеттин турмушунун маанилүү маселелери боюнча шашылыш расмий чыгып сүйлөө үчүн аларга убакыт бөлүп берет.

5. Мамлекеттик телерадио уюмдары өздөрүнүн программаларында Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын депутаттык ишмердик маселелери боюнча чыгып сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн убакытты жана формаларын караштырууга милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын башка маселелер боюнча берүүлөргө катышуусу жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-30)
