# 28-берене. Аудиовизуалдык чыгармаларды эсепке алуу жана алардын көчүрмөлөрүн (жазылмаларын) сактоонун тартиби

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 28-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-28

---

1. Ар бир телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган берүүлөрдүн эсеп журналын жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Берүүлөрдүн эсеп журналында төмөнкүлөр жазылат:

- берүүнүн чыгарылган күнү, башталган жана аяктаган убактысы;

- берүүнүн аталышы жана темасы;

- берүүнүн авторлорунун жана алып баруучулардын фамилиялары;

- берүүнүн тили.

3. Берүүлөрдү эсепке алуу журналы андагы акыркы жазуу киргизилген күндөн тартып бир жыл бою телерадио уюмунда сакталат.

4. Телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган же трансляцияланышын камсыз кылган бардык берүүлөр жазылып алынууга тийиш жана, эгерде төмөндө көрсөтүлүүчү мөөнөттө алардын мазмунуна карата даттануулар түшпөсө, таратылган күндөн тартып 30 күн бою сакталат.

5. Берүүлөрдүн мазмунуна карата даттануулар түшкөн учурда анын жазылмалары даттануу каралып, белгиленген тартипте ал боюнча чара көрүлгүчө сакталат.

6. Тарыхый, көркөм, маданий же башка баалуулукту түзгөн телерадио берүүлөрдү узак мөөнөткө сактоонун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-29)
