# 26-берене. Телерадио уюмдарынын чыгармачыл кызматкерлерин аккредитациялоо

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 26-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-26

---

1. Телерадио уюму аккредитациялоо тартиби колдонулган мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда өзүнүн чыгармачыл кызматкерлерин аккредитациялоо укугуна ээ.

2. Аккредитациялоо эрежеси бардык телерадио уюмдары үчүн негиздүү, бирдей жана тең болуусу керек. Аккредитациялоо эрежеси аккредитациялоо тартиби колдонулган тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мекеме, уюм же ишкана тарабынан жарыя кылынууга тийиш.

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мекеме, уюм, ишкана, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, телерадио уюмунун өкүлдөрүн эркин киргизүүдөн жана аккредиттациялоодон баш тарта албайт.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-27)
