# 21-берене. Телерадиоканалдардын берүүлөрү

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 21-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-21

---

1. Телерадио уюму жана/же телерадио берүүнүн оператору телерадиоканалды аналогдук берүүдө жана/же берүүлөрдүн санариптик пакетинде телерадио каналды тийиштүү уруксатты алган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жайгаштырууга милдеттүү. Уруксатты берген ыйгарым укуктуу органга мындай жайгаштыруунун башталышы тууралуу он күндүк мөөнөттүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболорун бузуу же болбосо телерадио каналдын берүүлөрү отуз календардык күндөн ашык убакытка токтотуу мыйзамда белгиленген тартипте тийиштүү уруксатты кайра артка чакыртып алуу (жокко чыгаруу) үчүн негиз болуп саналат.

3. Телерадио каналды жайгаштырууга уруксатты токтото туруу жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин берүүнү улантуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадио уюмдун жетекчисинин, телерадио берүүнүн тиешелүү операторунун жетекчисинин жоопкерчиликке тартылышына алып келет.

4. Телерадио берүүнүн оператору жылына бир жолу, ар бир календардык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өз торчосунда трансляциялануучу/ретрансляциялануучу телерадио каналдардын тизмеги тууралуу билдирип турууга милдеттүү. Ал эми ушундай тизмекке өзгөртүүлөр киргизилген учурда ыйгарым укуктуу органга бул өзгөртүү киргизилген датадан тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-22)
