# 20-берене. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды жана телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоо

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 20-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү толук же жарым-жартылай ретрансляциялоо ушул берененин талаптарын сактаган учурда чектелбейт.

2. Толук ретрансляциялоону телерадио уюмдар жана/же телерадио берүүнүн операторлору ишке ашыра алышат. Мындай учурда аларга ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнүн талаптары жайылтылбайт.

3. Чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук ретрансляциялоо укугу мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан телерадио уюмуна же телерадио берүү операторуна берилүүчү аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканаларды жайгаштырууга уруксат берүү менен аныкталат.

4. Жарым-жартылай ретрансляциялоону аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга тиешелүү уруксат болгон учурда жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен телерадио уюмдары гана ишке ашыра алат. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоого каралган ретрансляциялоонун максималдуу көлөмү жана болжолдуу тизмеги (жанрлар боюнча) телерадиоканалдын берүүсүнүн программалык концепциясы менен аныкталат.

5. Толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашыруучу жана буга өндүрүүчүдөн тиешелүү укуктарды алган телерадио берүү операторлору жана/же телерадио уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-21)
