Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды жана телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоо
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү толук же жарым-жартылай ретрансляциялоо ушул берененин талаптарын сактаган учурда чектелбейт.
2. Толук ретрансляциялоону телерадио уюмдар жана/же телерадио берүүнүн операторлору ишке ашыра алышат. Мындай учурда аларга ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнүн талаптары жайылтылбайт.
3. Чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук ретрансляциялоо укугу мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан телерадио уюмуна же телерадио берүү операторуна берилүүчү аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканаларды жайгаштырууга уруксат берүү менен аныкталат.
4. Жарым-жартылай ретрансляциялоону аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга тиешелүү уруксат болгон учурда жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен телерадио уюмдары гана ишке ашыра алат. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоого каралган ретрансляциялоонун максималдуу көлөмү жана болжолдуу тизмеги (жанрлар боюнча) телерадиоканалдын берүүсүнүн программалык концепциясы менен аныкталат.
5. Толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашыруучу жана буга өндүрүүчүдөн тиешелүү укуктарды алган телерадио берүү операторлору жана/же телерадио уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.09.2015 · № 647 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-20" title="20-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>